• Шейшемби 19 Үчтүн айы 2021

ДССУ: Коронавируска каршы жамааттык иммунитет жакында пайда болбойт

12 января 2021 в 18:10 Бишкек Govori.TV

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) быйыл коронавируска каршы жамааттык иммунитет пайда болбошу мүмкүн экенин эскертти.

«Вакциналар алсыз топторду бир аз коргой баштаган күндө да биз 2021-жылы иммунитеттин популяциялык деңгээлине жете албайбыз. Жамааттык иммунитеттин бир катар өлкөлөрдө пайда болушу — бүткүл дүйнө калкын коргой албайт», — деди уюмдун башкы илимий кызматкери Сумия Сваминатан.

АКШ менен Европа Биримдигинин (ЕБ) курамындагы өлкөлөр калкты «Pfizer» жана «BioNTech» компанияларынын вакцинасы менен коронавируска каршы эмдөө ишин 2020-жылдын аягында баштаган. Орусия өзү чыгарган «Спутник V» вакцинасын, Кытай да өз вакцинасын колдоно баштаган.

ДССУнун эмдөө тармагынын башчысы 7-январдагы билдирүүсүндө COVAX программасынын алкагында начар өнүгүп жаткан жакыр өлкөлөргө коронавируска каршы вакциналардын алгачкы түрлөрү ушул айдын ичинде эле жеткирилерин билдирген.

Количество просмотров: 52