• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ДССУ Улуу Британияда аденовирусту жуктуруу учурлары өсүп жатканын кабарлады

25 Чын куран 2022 17:05 Бишкек Govori.TV

ДССУ белгисиз түрдөгү кооптуу курч гепатиттин учурлары эң көп катталган Улуу Британияда акыркы убакта аденовирусту жуктуруу учурлары өсүп жатканын тактады. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб кабарлады.

Аденовирустар тууралуу эмнелер белгилүү?

  • аталышы аденоидден (бул чоңоюп кеткен тамак бези) баштапкы бөлүнүп чыккан суюктуктарга жараша болот ;
  • адамдын аденовирусу ДНК-вирустарга кирет;
  • алгачкы аденовирустар адамда 1953-жылы изилдөөчүлөрдүн тобу (Уоллес Роу, Роберт Хюбнером) тарабынан жана дени сак адамдардын таңдай безинин ткандарын жана аденоиддерин изилдөөдө аныкталган. Бөлүнгөн вирустарды аденоиддерди дегенерация кылган вирустар деп аташкан;
  • 1954-жылы аденовирустар бейтаптарда заңдан жана тамагынан табылган. Вирустарды аденоид-фарингиттик-конъюктивалдык аденовирустар деп аташкан;
  • 1955-жылы аденовирустарды пневмонияга кабылган адамдардан чыга баштаган.

Аденовирус кайсы органдарды жабыркатат?

  • көпчүлүк аденовирус серотиптери жогорку дем алуу органдарынын инфекцияларына алып келет;
  • аденовирустар көбүнчө конъюнктивитке, тонзиллитке, отитке себеп болушат;
  • 40 жана 41 серотиптеги аденовирустар гастроэнтеритти пайда кылуусу мүмкүн.

Бул вируска жылдын кайсы мезгилинде жана кимдер көбүрөөк чалдыгышат?

  • июндан сентябрга чейин басымдуулук кылат;
  • баарынан көп курч респиратордук жугуштуу инфекциялардын түзүмүндө бул ооруларга 18-26 жаштагылар кабылышат;
  • Адамдын аденовирусунун серотиптери араб сандары менен белгиленет;
  • Адамдын аденовирусунун 7 түрү бар, алар 88 серотипке биригишет.
Теги:
Количество просмотров: 120