• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Өлкөдө балдар арасында рак оорусунун өсүшү байкалууда

15 Бирдин айы 2023 12:33 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда балдар арасында рак оорусунун өсүшү байкалууда. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдирди.

Маалыматтарга ылайык, 2022-жылы 157 балада, 2021-жылы 99 балада, 2020-жылы 139 балада рак оорусу аныкталган.

Белгиленгендей, мындай маалыматтар улуттук өнөктөштөрдүн катышуусунда өткөн тегерек столдун жүрүшүндө айтылды.

“2021-жылдан тарта ДССУнун техникалык колдоосу менен Кыргызстан шишиктердин бардык эпидемиологиясына көз салууга, дарылоонун натыйжаларына, дарылоонун түрлөрүнө жана бейтаптардын мындан аркы тагдырына жана оорунун жыштыгына баа берүүгө мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды онкологиялык реестрге киргизе баштады», — деп билдирди ДССУдан.

Количество просмотров: 41