• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Балдарда рак оорусунун өсүшү байкалууда. «Вечерний Бишкектин» Kaktus.media сайтына каршы арызы каралууда

15 Бирдин айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ӨКМ БАШЧЫСЫ ТҮРКИЯДА

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Түркияда жер титирөөнүн очогу болгон Кахраманмараш шаарында болду.

Ведомвтводон билдиргендей, министр Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев менен бирге мындагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн түзүлгөн атайын штабдын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө жолугуп, издөө-куткаруу иштери менен таанышты.

Учурда бул жерде Кыргызстандан барган 200дөн ашуун куткаруучу издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө. Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Акыркы маалыматтарга ылайык, Түркияда зилзаланын кесепетинен каза болгондордун адамдардын саны 30 миңден ашты.

БАЛДАРДА РАК ООРУСУНУН ӨСҮШҮ БАЙКАЛУУДА

Кыргызстанда балдар арасында рак оорусунун өсүшү байкалууда. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдирди.

Маалыматтарга ылайык, 2022-жылы 157 балада, 2021-жылы 99 балада, 2020-жылы 139 балада рак оорусу аныкталган.

Белгиленгендей, мындай маалыматтар улуттук өнөктөштөрдүн катышуусунда өткөн тегерек столдун жүрүшүндө айтылды.

“2021-жылдан тарта ДССУнун техникалык колдоосу менен Кыргызстан шишиктердин бардык эпидемиологиясына көз салууга, дарылоонун натыйжаларына, дарылоонун түрлөрүнө жана бейтаптардын мындан аркы тагдырына жана оорунун жыштыгына баа берүүгө мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды онкологиялык реестрге киргизе баштады», — деп билдирди ДССУдан.

“ВЕЧЕРНИЙ БИШКЕКТИН” АРЫЗЫ СОТТО КАРАЛЫП БАШТАДЫ

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн 15-февралда «Вечерний Бишкек» басылмасынын Kaktus.media басылмасына каршы доо арызы боюнча алгачкы угуу өттү. Адвокат Акмат Алагушев «Азаттыкка» билдиргендей, судья ишти тынчтык жолу менен жабуу ыктымалдыгын сураштырганда доогер тарап андайга макул эместигин билдирди. Кийинки отурум 28-февралга белгиленди.

Доо арыз Kaktus.media сайтына былтыр 29-декабрда жарыяланган “»Вечерний Бишкектин» кызматкерлери гезит 1-январдан тартып жабыларын билдиришти” деген макала жарыяланганына байланыштуу жазылган.

“Вечерний Бишкек” бул макалада так эмес маалымат келтирилгенин айтып, жалпысынан 50 миллион сомдук доо койгон.

Количество просмотров: 71