• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ДСУ түнкү клубдарды коронавирустун очогу деп атады

24 Теке 2020 13:50 Бишкек Govori.TV

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус инфекциясынан сактануу үчүн түнкү клубдарга барбоону сунуштайт.

Уюмдун өкүлүнүн айтымында: «Биз эч качан түнкү клубдар тууралуу мынча көп айткан эмеспиз. Бирок учурда алар оорунун очогу болуп жатат».

Мария Ван Керкхов кошумчалагандай, бирок бардык түнкү мекемелерди толугу менен жабуу керек эмес. Оорунун очокторун аныктап же чектөө киргизип, убактылуу жабуу керек.

Ал мындай жайларга барган адамдардын жоопкерчилиги коопсуздук маселесинде маанилүү экенин белгилеп: «Алдыңкы катарда иштеп, тобокелдикке барып жаткан адамдар үчүн балким айрым чектөөлөрдү киргизишибиз керек», — деди.

Количество просмотров: 110