Бишкектеги көңүл ачуучу клубдардын биринде мушташ чыкты. Окуянын видеосу соцтармактарда тараган.
Биринчи май райондук милициясынын маалыматка ылайык, бул боюнча билдирүү 102 кызматына саат 2:37лер чамасында түшкөн.
«Милиция окуя болгон жерге барып, мушташкандарды бөлүмгө алып келген. Сурактан кийин кое берилди», — деп айтылат маалыматта.
Тергөө иштери уланып жатат.