• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Дубай-Ош аба каттамдары жанданат

27 Тогуздун айы 2022 17:34 Бишкек Govori.TV

3-ноябрда Дубай—Ош—Дубай багыты боюнча туруктуу авиакаттамдардын ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Fly Dubai авиакомпаниясы Дубай эмиратынан Ош шаарына учууларды жумасына эки жолу аткарууну пландап жатат – шейшемби жана жума күндөрү.

Белгиленген багыт боюнча туруктуу каттамдар 7 жыл мурун токтоп калган эле.

Количество просмотров: 116