• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Дубайда Тажикстандын үч жараны адам уурдоо айыбы менен соттолду

18 Баш оона 2022 8:57 Бишкек Govori.TV

17-августта https://www.thenationalnews.com сайты Дубайдын апелляциялык сотуна шилтеме берүү менен 18ден 35 жашка чейинки үч тажик жараны былтыр ноябрда кармалганын, алар кытайлык аялдын тапшырмасы менен анын мекендешин кармап, карактап кетишкенин жазды.

Соттун версиясы боюнча Тажикстан жарандары мекендешинен 20 миң дирхам (болжол менен 5,5 миң АКШ доллары) карызга алган кытай жаранын Дубайдын четине алып барышып, анын коркутуп-үркүтүшкөн.

Дубай полициясы видеокөзөмөл камерасынын жардамы менен алардын тек жайын аныктаган. Башында тажикстандыктар үч жылга эркинен ажыратылган, кийин апелляциялык сот алардын мөөнөтүн алты айга чейин кыскартып, жазаны өтөп бүткөндөн кийин Дубайдан депортациялоо боюнча токтом чыгарды.

Количество просмотров: 84