Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Капчыгай айылынын тургуну Нурланбек Дубанаевдин 53 жаштагы бир тууган агасы окко учкан.
Дубанаевдин айтымында, ал үй-бүлөдө улуусу болчу.
«Бир тууган агам каза болуп калды. Бул жерде биринчи үйдө жашачу. Өзүнүн туулган күнүндө 53 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Жаткан жери жайлуу болсун! 11 бир тууганбыз, агам эң улуусу болчу. Улгайган ата-энем азыр Лейлек районунда. Кечээ барып, кабар алып келдим. Бир апта ата-энеме барган жокмун. Анткени мени көрүп, агамды эстеп көңүлдөрү оорубасын дедим. Биздин үй-бүлөдө бир тууганын жоготкон учур биринчи жолу болуп жатат. Ошондон бери уйку жок»,-деди ал.
Эске салсак, 14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.