Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер министрлиги Парижде кармалган Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуровго БАЭ жараны катары бардык зарыл консулдук кызматтарды алууга мүмкүнчүлүк берүүгө Францияны чакырды. Бул тууралуу WAM агенттиги жарыялаган Эмираттын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.
«Бириккен Араб Эмираттары Ле Бурже аэропортунда француз бийлиги тарабынан кармалган Эмираттын жараны Павел Дуровдун ишин кылдаттык менен байкап жатат жана аны тез арада бардык зарыл консулдук менен камсыз кылуу талабын коюшту», — деп айтылат маалыматта.
Тышкы иштер министрлиги ошондой эле өз жарандарынын иштеринин бардык аспектилерине кам көрүү, коргоо жана көзөмөлдөө Бириккен Эмираттар үчүн артыкчылык экендигин белгиледи.
Белгилей кетсек, Павел Дуров 24-августтун кечинде Францияга Азербайжандан учуп барган учурда кармалган. Париж прокуратурасы Дуров 12 кылмышка тиешеси бар деп шектелип жатканын билдирген.