• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Душанбеде Кыргызстан менен Россиянын ТИМ башчылары жолукту

20 Бугу 2021 9:22 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын 19-майында ЖККУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери кеңешинин кезектеги отурумунун алкагында Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Сергей Лавров Душанбеде жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар алдыдагы тышкы саясий иш-чараларды, буга чейин жетишилген келишимдердин аткарылышын талкуулашты, кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана аймактык кырдаал боюнча ой пикирлер менен алмашышты.

​Мындан тышкары, тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда буга чейин каттаган темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну жана унаа кыймылын толук кандуу жандандыруу маселелерин талкуулашты.

​Россиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча кыргыз тарабынын иш-аракеттерин кубаттады жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессин улантуунун зарылдыгын белгиледи.

​Тараптар союздаш мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана кеңейтүү максатында өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарын мындан ары активдештирүүгө бекем ниеттерин билдиришти.

Количество просмотров: 116