• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Душанбеде прокуратуранын кызматкери «пневмониядан» каза болуп, маркумдун сөөгү дароо эле жерге берилди

20 Чын куран 2020 19:01 Бишкек Govori.TV

Өткөн жумада респиратордук илдеттин белгилери менен ооруканага жаткырылган Душанбе шаардык прокуратурасынын кызматкери Жалолиддин Пиров 19-апрель күнү эртең менен каза болду. Бул тууралуу centralasian.org сайтты жазып чыкты.

Туугандарынын айтымында, маркумдун сөөгүн үйүнө тез жардам унаасы менен жеткиришип, бирок дароо эле жерге берүү үчүн кайра алып кетишкен.

«Сактык чараларынан улам туугандарына анын жүзүн ачып көрүүгө да уруксат беришкен жок», — деди маркумдун жакындарынын бири.

Жалолиддин Пиров «пневмония» диагнозу менен 13-апрелде Душанбедеги жугуштуу оорулар ооруканасына жеткирилген. 16-апрелде абалы оорлоп, «Истиклол» клиникасына которулган. Бүгүнкү күндө маркумдун үй-бүлө мүчөлөрү жана аны менен бир палатада жаткан бардык бейтаптар карантинге алынды.

20-апрелде Пировдун прокуратурада иштеген атасынын да саламаттыгы начарлап, ооруканага жеткирилгени кабарланды.

Ал ортодо «Ахбор» сайты өз булактарына таянып, маркум жакында эле чет өлкөдөн келгенин, бирок «кызматынан пайдаланып» 14 күндүк карантинге жатпаганын жазды.

Тажикстандын бийлиги өлкөдө коронавирус жуктурган адамдар жок экенин билдирип келет. Бирок акыркы күндөрү пневмониядан каза болгон адамдардын көбөйүшүнөн улам өлкө жашоочулары расмий билдирүүлөрдөн күмөн санашууда. Буга байланыштуу 17-апрелде өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги пневмониядан өлгөндөрдүн көбөйгөндүгү боюнча түшүндүрмө берүүгө аргасыз болгон.

«Акыркы күндөрдөгү жагымсыз аба ырайы жарандардын саламаттыгына терс таасирин тийгизип жатат. Буга байланыштуу өлкөдө дем алуу органдары, анын ичинде пневмония оорусу кескин көбөйдү. Анализ көрсөткөндөй, пневмония сезондуу илдет. Мындан улам бул оорунун көбөйүшүнөн улам дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Бүгүнкү күндө карантинге алынган адамдардын ичинде коронавирус жуктуруп алгандар жок», — деп билдирген саламаттык сактоо министринин орун басары Шодихон Жамшед.

Количество просмотров: 213