Air India компаниясынын 171-рейсиндеги кырсыгынан эки эмес, бир адам аман калганын Индиянын ANI агенттиги тактады.
«Полиция учактын ичиндеги 11 A орунда отурган бир адам аман калганы тууралуу билдирди. Ал ооруканада жеткирилип дарыланууда. Азырынча өлгөндөрдүн саны жөнүндө эч нерсе айтууга болбойт», — деп айтат басылма.
Аман калган адамдын аты Рамеш Вишвашкумар, ал көкүрөгүнөн, көзүнөн жана бутунан жаракат алган. 40 жаштагы британиялык жаран эмне болгонун айтып берди.
«Көтөрүлгөндөн отуз секунддан кийин катуу ызы-чуу чыгып, андан кийин учак кулап түштү. Баары ушунчалык тез болуп кетти. Мен ойгонгондо, менин айланамда бүт жансыз денелерди көрдүм. Мен коркуп кеттим, дароо туруп чуркадым. Кимдир бирөө мени кармап, тез жардам унаасына салып, ооруканага жеткирди», — деп белгиледи Вишвашкумар Hindustantimes басылма үчүн берген маегинде.
Бир аз мурдараак, Ахмедабаддын полиция комиссарынын Гянендра Сингхдин сөзүнө таянып ЖМКлар кырсыктан эки адам аман калганы тууралуу кабарлашкан. Маалыматта бири кабинадан, экинчиси ооруканадан табылган, деп жазылган.
Башында, бийлик бортунда эч ким тирүү калган жок деп билдирген.
Учакта 242 адам болгон: 232 жүргүнчү жана экипаждын 12 мүчөсү. Жүргүнчүлөрдүн тизмесинде Индиянын 169 жараны, Британиянын 53 жараны, Португалиянын 7 жараны жана Канаданын 1 жараны бар.
Учактын кыйрашына канаттуулардын үйүрү менен кагылышуу себеп болушу мүмкүн деп айтылууда.