• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Душанбеде таксиде жүрүү акысы кескин жогорулады

8 Аяк оона 2021 10:03 Бишкек Govori.TV

Душанбеде таксиде жүрүү акысы кескин жогорулады. Бирок мэрия такси кызматтарына тарифтерди жогорулатууга эч ким уруксат бербегенин билдирүүдө.

Маалыматтарга караганда, буга чейин таксиде жүрүүнүн алгачкы үч чакырымы 88 центтен болуп келсе, эми бул акчага кардарлар эки гана чакырым жүрө алышат. Мындан тышкары таксинин бир мүнөт күтүп турганы үчүн төлөнө турган сумма мурдагыдай эки цент эмес, төрт центке жогорулаган.

Такси кызматтары тарифтер жогорулаганы тууралуу расмий билдирүү жасаган жок. Бирок айдоочулардын айтымында, айрым кесиптештери эсептегичтерди кайра тууралап, жол кире акысын жогорулатып алышкан.

«Антпесе жумушка чыгуунун мааниси жок болуп калды. Газ менен күйүүчү майдын баасы кескин жогорулады. Ошондуктан буга чейин эле акча көп табылбаган жумуш чыгашалуу ишке айланды», — деди айдоочулардын бири.

Ал ортодо Душанбе мэриясы таксидеги тарифтер өзгөрбөгөнүн, жол кирени жогорулатууга эч кимге уруксат берилбеген билдирүүдө.

«Бул факты боюнча текшерүү уланып жатат. Такси компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, аларга ички текшерүү жүргүзүү тапшырмасы берилди. Мындан тышкары бул маселе күн мурун жалпы чогулушта да көтөрүлдү. Жооптуу түзүмдөрдүн уруксаты жок бааларды жогорулатууга тыюу салынган. А уруксат эч кимге берилген эмес. Жол кире жогорулабашы керек», – деди мэриянын транспорт башкармалыгынын Хайрулло Камолов аттуу кызматкери.

Душанбедеги автоунаалардын 80% газ менен жүрөт. Жыл башынан бери Тажикстанда газ менен бензин баасы эки эседен көп жогорулады.

Количество просмотров: 184