• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Душанбеде жүргүнчүгө орой мамиле кылган кичи автобус айдоочусу кармалды

22 Чын куран 2024 14:52 Бишкек Govori.TV

Душанбеде жүргүнчүгө орой мамиле кылган кичи автобустун айдоочусу менен анын жардамчысы – кондуктор кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, «Спринтер» үлгүсүндөгү кичи автобустун айдоочусу Давлатмирзо Саидов менен анын эрезеге жете элек жардамчысы 21-апрелде кармалды. Алар адамдарды жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден өткөрбөй коюп, бул үчүн сын айткан келинге ыпылас сөздөрдү айтышкан.

Бул акыркы бир жуманын ичинде Душанбедеги коомдук транспортто катталган экинчи жаңжал болуп калды. 17-апрелде соцтүйүндөргө кичи автобустун айдоочусу троллейбус айдаган аялды сөгүп жатканы тартылган видео жарыяланган. Анда укук коргоо органдары маршрутканын айдоочусу иштен алынып, он суткага камакка алынганын билдирген.

Количество просмотров: 117