31-август күнү эртең менен Душанбеге жакын жайгашкан Гиссар шаарында курулуш материалдары сатылган базарда өрт чыкты.
Күбөлөрдүн айтымында, 8-10 соода түйүнү күйүп кетти. Өрт эмнеден улам чыкканы жана келтирилген чыгымдын көлөмү азырынча белгисиз.
Өрт чоң аймакка жайылып, коюу кара түтүн ондогон метрге чейин көтөрүлгөн. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Соодагерлердин айтымында, өрттүн кесепетинен жыгач жана темир дүкөндөрү күйүп кеткен. Ишкерлер компенсация алар-албасын билишпейт.
Гиссардын курулуш материалдар базары Душанбеден 25 чакырым алыстыкта жайгашкан. 10 гектардан ашык жерди ээлеген бул базар – өлкөдөгү эң чоң базарлардын бири.
“Озоди” радиосунун айрым маектештери Гиссар курулуш материалдары базары Тажикстан өкмөтүнүн мурдагы вице-премьер-министри Муродали Алимардоновго таандык экенин айтышкан. Ал өзү бул базардын ээси экенин эч качан эл алдында тастыктаган да, танган да эмес.