• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

DW: Назарбаевдин кызы менен күйөө баласы Германияда 100 миллион евролук мүлккө ээлик кылат

11 Бирдин айы 2022 10:13 Бишкек Govori.TV

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Динара Назарбаева менен анын күйөөсү Тимур Кулибаевге байланышы бар компаниялар Германиянын Зеело шаарында 100 миллион еврого бааланган виллага, хансарайга жана эки мейманканага ээлик кылат. Бул тууралуу Deutsche Welle (DW) басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, 19-кылымда Зеелодогу хансарай белгилүү орус дипломаты, жашыруун кеңешчи Михаил Хрептовичтин жайкы резиденциясы болгон. Анын казакстандык жаңы ээлери дээрлик он жыл бою реконструкция иштерин жүргүзүп, курулушту эки жыл мурда гана аяктаган. Анда оргумалар орнотулган ландшафттуу парк жана 1 миң чарчы метрге жакын аянтты ээлеген спа аянтчасы бар. 25 метрлик бассейндин үстүндөгү айнек купол космостон тартылган сүрөттөрдө да көрүнүп турат.

Бул мүлктүн баасы 60 миллион еврону түзөт. Журналисттер Германиядагы компаниялардын реестрине шилтеме кылып, объектиде реконструкция иштери жүргөн жылдары Schloss Seelach Invest компаниясынын уставдык капиталы да дал ушунча суммага көбөйгөнүн билдиришүүдө.

Үйдү реконструкциялоого катышкан адамдардын биринин айтымында, ээлери бул иштер үчүн «акча аяшкан эмес». Жумушчулар ар бир аткарган ишин сүрөткө тартып, Казакстанга жөнөтүп турушкан.

Назарбаевдердин үй-бүлөсүнө хансарайдан тышкары дагы үч кыймылсыз мүлк таандык – вилла жана эки мейманкана. Хансарайга ээлик кылган Schloss Seelach Invest GmbH компаниясы Verus Praedium International казак компаниясына таандык. Өз кезегинде ага «Алматыдагы «Кипрос» компаниясы ээлик кылат. Ачык-айкындуулук реестриндеги тизмеге ылайык, Тимур Кулибаев Schloss Seelach Invest GmbH компаниясынын бенефициары болуп эсептелет.

Ал реестрге ылайык, Тимур жана Динара Кулибаевалар Казакстандагы Mercury Properties компаниясы аркылуу Германиядагы Bühlerhöhe Castle Invest GmbH компаниясына ээлик кылышат. Бул компанияга Германиядагы эки мейманкана таандык болгон.

Количество просмотров: 209