• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Көлбаевдин 850 батири, Абдыкеримовдун 100 млрд сомдук мүлкү… Ташиев Чүйдөгү мамлекетке алынган мүлктөр тууралуу

27 Жетинин айы 202514:47 Бишкек Govori.TV

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда коррупция жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш жөнүндө сүйлөп, бул жаатта Чүй облусунда акарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын билдирүүсүн Region телеканалы социалдык тармактардагы баракчаларына чыгарды.

Ташиев 2023-жылы УКМКнын атайын операциясында жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевге (Камчыбек Асанбек) тиешелүү 30 млн долларга бааланган 850 батир мамлекетке кайтарылып, элге ипотекага берилип жатканын айтты. Чүй облусунда убагында ар кандай жол менен жеке колго өтүп кеткен 100дөн ашык объект, 2025-жылы эле 12 миң гектардан ашык жер мамлекетке алынганын кошумчалады.

“Аю Холдингинин ээси Абдыкеримовдун Аламүдүн районунда жайгашкан 300 гектар жери жана 100 млрд сомду түзгөн мүлктөрү мамлекетке кайтарылды. Бул акыркы жылдары биздин жасаган иштер. Мен Чүй облусу боюнча гана айттым. Эгерде мамлекетте жалпы аткарылган ишти айтсам ондогон эсе көбөйөт. Башка жерлерде мындан да көп талап-тоноолор болгон”, — деди Камчыбек Ташиев.

Теги:
Количество просмотров: 370