29-30-31-май күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалымат агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында 12-окутуу иш-чарасын өткөрдү. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынан келген 17 айым катышты. Алардын бири Гулжамал Джолдошева.
«Бул тренингге лидер айым кандай болуш керек? ушул сапатты өздөштүрүү үчүн келгем. Долбоордун максаты абдан жакты, мен дагы региондордогу айымдарды өнүктүргүм келет»,-деди ал.