• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дзюдо боюнча курама “Гранд-Слэм Париж” эл аралык мелдешине катышат

24 Үчтүн айы 202415:13 Бишкек Govori.TV


Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Париж шаарында (Франция) өтө турган “Гранд-Слэм Париж” Эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдеш 2-4-февраль күндөрү өтөт.

Курама команданын тизмеси:

  • 66 кг Кубанычбек Айбек уулу;
  • 73 кг Чыңгызхан Сагыналиев;
  • 81 кг Асад Масабиров;
  • 90 кг Эрлан Шеров.

Белгилей кетсек, курама команда улук машыктыруучу Сергей Кладновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Количество просмотров: 102