• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Дзюдочу Эрлан Шеров: Кармашуу учурунда ката кетирдим

31 Теке 202418:26 Бишкек Govori.TV

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында дзюдочу Эрлан Шеров 90 килограммга чейинки салмакта испаниялык Тристани Мосахлишвилиге 1:0 эсебинде жеңилди.

Эрлан Шеров беттештен кийин “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы Руслан Меделбекке учкай маек берип, буларды айтты:

“Бир гана нерсени айта алам. Кармашуу учурунда ката кетирдим. Ыкма жасап атканда бутумду алганга үлгүрбөй калдым. Ал мени ошондон жеңип кетти. Олимпиадага даярдык жакшы эле болгон. Эч нерсе деп актана албайм. Мындан сабак гана алам. Бүгүн медал болгон жок, бул да кудайдын буйругу”, — деди ал.

Шеров биринчи беттешинде кубалык Иван Фелипе Силва Моралисти 0:10 упай менен жеңген.

Количество просмотров: 271