• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Дзюдочу Эрлан Шеровго Бишкектен батир берилет

29 Баш оона 202416:22 Бишкек Govori.TV

Дзюдочу Эрлан Шеровго Бишкектен 2 бөлмөлүү батир берилет. Мэриянын тиешелүү долбоору бүгүн Бишкек шаардык кеңешинде жактырылды.

Шаардык кеңештин депутаттары мэриянын «Азия оюндарынын чемпионуна муниципалдык турак жайды акысыз берүү жөнүндө» сунушун талкуусуз колдошту.

Шеровго батир Туңгуч кичи районунан менчиктештирүү жолу менен ыйгарылат.

Эрлан Шеров Азия оюндарында алтын уткан алгачкы кыргызстандык дзюдочу.

Количество просмотров: 69