• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Е-Дипломат» мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Ал эмне кызмат аткарат?

28 Баш оона 20259:25 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинети Тышкы иштер министрлигине караштуу «Е-Дипломат» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ КР президентинин 2025-жылдын 19-июнундагы “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу «Е-Дипломат» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.

Токтом менен Тышкы иштер министрлигине караштуу «Е-Дипломат» мамлекеттик мекемеси жөнүндөгү Жобо жана мамлекеттик мекеменин чектүү штаттык саны бекитилди.

Мекеме Кыргызстандын дипломатиялык кызмат органдарынын ишмердүүлүгүн уюштуруу-техникалык жактан коштоону жүргүзөт, ошондой эле санариптик инфраструктуранын жана маалыматтык системалардын иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылат.

Количество просмотров: 158