• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Эки аял алганга чөнтөк жетеби? Кыргызстандагы кыздардын калыңы

27 Бештин айы 2017 19:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.12.17.Govori.TV

Кыргызстанда эки аял алуу туурасында демилге  ойдо жок жерден журналист Назира Бегим тарабынан сунушталып,  никеде жашап жаткан келиндердин, турмушка чыга элек эселек кыздардын үрөйүн учурса,   бул сунушу менен бир таң калтырып, кээ биринин кыжырын келтирди. Ал эми  кай бир мырзаларга эки аял алуу сунушу майдай эле жагып  калды.

Коомдо “бир аялын эптей албаганга, экинчисинин эмне кереги бар” деген пикирлер айтылып, бир нече жолу ЖМКлар бул теманы талкууга алышса, социалдык тармактын колдонуучулары бул сунушка каршы пикирлерин жазып чыгышты.

Бул маселе көтөрүлгөнүнөн жыл айланбай эле “Эки аял алуу сунушу боюнча башкаларга үлгү  болуп берейин” деп мурдагы муфтий Чубак Ажы Жалилов экинчи аял алганын ЖМКларга  жар салып ачык эле жарыялады. Муфтийдин бул кылганы кээ биринин кыжырын келтирип чуу жаратса, кай бирөөсү бул нормалдуу көрүнүш, жашырбай ачыкка алып чыкты, ал өзүнүн иши деп социалдык баракчаларына жазып чыгышты. Бирок, муфтийдин ачыкка алып чыккан бул жоругу жогорку кеңеште каралып депутаттар,  тарыхчылар, аялдардын укугун коргогон мекемелер үрөйдү учурган “эки аял алуу маселесине” каршы экендерин билдиришип жыйын өткөрүштү. Ал эми Чубак ажы учурда тергөөчүлөргө бул кылганын коомчулукка алып чыкканы үчүн суралып жаткан кези.

Эки аял алуу маселеси айдан ачык айтылып, мурдагы муфтийибиз үлгү болуп экинчи аялын  алып жаткан замандагы кыздарыбыздын калыңына Govori.TV сайты саресеп салып көрдү. Жети дубандын жети башка каада-салты, үрп адаты бар. Ошол эле учурда үйлөнүүнүн да салттары да башкача.

“Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт” дегендей жети дубанда кыздардын калыңы канча? Жигит биринчи эле аялын алыш  үчүн канча чыгым  коротот? деген суроого жооп издеп көрдүк

Калың — бул кызды үйүнөн алып кеткен соң ыраазычылык ирээтинде кыздын ата-энесине бир нерсе таштоо дегенди билдирет.

 

 

 

 

 

Биз жети областа жашаган кыздардын калыңын орточо эсепке таянып жазып чыктык. Бул жыйынтык менен үй-бүлө куруп жубайынын себин берип гана токтолбостон, андан ары үй-бүлөдөгү туруктуулукту, бекемдикти сактап калууну биринчи орунга коюлса   үй-бүлө институту  бекем сакталып калат.  Мындай үй-бүлө үчүн экинчи аял алуу маселеси жаралмак да эмес.

 

 

 

 

Количество просмотров: 54