Роза Отунбаева 28-29-ноябрда, Гуанчжоуда (Кытай) «Ааламдык башкаруу, өңүт жана ага Кытайдын катышуусу» эл аралык конференциясына, ошондой эле Мадрид Клубунун жылдык чогулушуна катышып жатат. Конференцияда Кытайдын жогорку жетекчилигинин мүчөлөрү, көптөгөн өлкөлөрдөн келген көрүнүктүү илимпоздор, изилдөөчүлөр, бизнестин жана финансылык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү сөз сүйлөп жатат. Жогорку деңгээлдеги сөз сүйлөгөндөрдүн арасында: ККПнын Саясий бюросунун мүчөсү Ванг Чен, Кытайдын чет өлкөлөр менен Достук Коомунун өкүлү Ли Ксяолин, БУУнун мурдагы Башкы катчысы Пан Ги Мун, Европалык Бирликтин мурдагы Президенти Романо Проди бар.
Дүйнөлүк саясатта улутчулдук жана популизм күчөшүнүн өңүтүндө конференциянын катышуучулары глобализмди, дүйнөнүн экономикалык, саясий, социалдык өнүгүшүнүн маселелерине карата инклюзивдик, өз ара байланыштуу, инновациялык ыкманы колдоо зарылчылыгын баса белгиледи. Идеялардын жана жобонун дал ушундай багыттары Кытайдын Компартиясынын жакында болуп өткөн XIX съездинин материалдарында так айтылган, алар бул күндөрү дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүнүн борборунда.
Ошол эле учурда КР экс-Президенти Р. Отунбаева БУУнун Жогорку деңгээлдеги медитация тобунун мүчөсү катары БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасы менен телекөпүрөгө катышты, ал жерде 18 адамдан турган топтун БУУнун Башкы катчысы А.Гутерреш менен үч саат бою биринчи жолугушуусу болуп өттү. Сөз БУУну дүйнөдөгү талаштарга жана чыр-чатактарга тартуу жолдору жана зарылчылыгы жөнүндө, талаштарды иш билгилик менен жөнгө салуу жөнүндө, жаңы бирикменин мандаты жөнүндө жүрдү.
30-ноябрда, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Мадрид клубунун мүчөлөрү менен жолугушту, ага 2011-жылдан тартып Кыргызстандын экс-Президенти Р.И.Отунбаева мүчө болуп саналат.
Жолугушуунун учурунда Си Цзиньпин Кытай өзүнүн жеке жолун тандоого элдердин укугун дайыма жактап келген, анткени дүйнөдө өнүгүүнүн универсалдуу жолу жок деп баса белгиледи. Эгерде бардыгы бирдей болсо, анда дүйнөдө заттардын өнүгүшү, прогресс токтойт. Кытай цивилизациялардын ар түрдүүлүгүн урматтайт жана тажрыйба алмашууну жактайт, прогресске бирге жетишүү үчүн өлкөнү башкаруу жана артыкчылыктарды иликтөө жагынан алмашуу максатында башка өлкөлөр менен кызматташууга даяр.
Өз сөзүндө Си Цзиньпин мындай деп белгиледи:«жолугушууга беш континенттен келген Мадрид клубунун бардык мүчөлөрү башка өлкөлөр менен тажрыйба алмашууга жана кызматташууга көмөктөшүү боюнча зор ишти жасады. Мен муну жогору баалайм. Кытайдын өнүгүшү үчүн, кытай элинин жана бардык башка элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө жана достукка көмөктөшүү үчүн силер өз жетишкендгиңерди толук бөлүшөсүңөр жана кеңешиңер менен сунушуңарды дайыма берип турасыңар деп үмүттөнөм».
Мадрид клубу – демократияны жана эл аралык шериктештиктеги өзгөрүүлөрдү алга илгерилетүү үчүн түзүлгөн көзкарандысыз коммерциялык эмес уюм. Дүйнө өлкөлөрүнүн мурдагы 80 президентинен жана 56 премьер-министринен турат, дүйнөдөгү мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн мурдагы башчыларынын ири форуму болуп саналат. Ал 2002-жылы түзүлгөн.
Мадрид клубунун негизги максаттары демократиялык институттарды чыңдоо жана эки өзөктүү тармакта: демократиялык жетекчилик кылууда жана башкарууда, ошондой эле кризистик жана пост кризистик кырдаалдарга мамиле кылууда саясий чыр-чатактарды чечүү маселелери боюнча консультация өткөрүү болуп саналат.
КМШ өлкөлөрүнөн Мадрид клубунун мүчөлөрү болуп М.С. Горбачевжана Р.И.Отунбаева саналат.
1-декабрда Кытайдын эң белгилүү «Кытай жана глобализация» акыл-эс чордонунда Р.Отунбаева «Бир жол, бир алкак» долбоорунун өнүгүү келечеги тууралуу баяндама менен чыгып сүйлөдү. Белгилей кетсек, КР экс-Президенти Р.Отунбаева аталган борбордун Кеңешчиси болуп саналат. Жолугушуу учурунда журналисттер, илим-изилдөөчүлөр , Борбор Азыия боюнча адистер баяндамачыга көптөгөн суроолорду берип, жоопторду алышты. Алар мындан ары ушундай маалыматтуу жолугушуулардын уюштурулуп туруусун абдан каалай тургандыктарын билдиришти.
Ошондой эле КР Экс-Президенти белгилүү журналист Тиан Вей менен анын Кытайдын Борбордук ТВ сындагы (CGTN) «Дүйнө ичинен» эл аралык программасында аңгемелешти. Баарлашуу учурунда Кытайдын глобалдуу демилгелеринде Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык келечеги, аймактагы кытайлык инвестерлор үчүн чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр, Кытай менен Россиянын ортосундагы Евроазиялык экономикалык өнөктөштүк жөнүндөгү келечектеги Келишимдер тууралуу маселелер талкууга алынды.
Р.И.Отунбаева иш сапар учурунда «Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду менен кызматташкан бир канча кытайлык өнөктөштөр менен жолугушту.