• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Э.Кулуева: Президент «Алтын калем» сыйлыгын кайрадан кесипкөй журналисттерге тапршырса бул өзгөчө стимул болуп жоопкерчилигин сезмек (видео)

22 Кулжа 2018 17:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек.  22. 06. 2018. Govori.TV

«Аталган «Алтын калем» сыйлыгы Аскар Акаевдин убагында журналисттердин кесипкөйлүгүн арттыруу үчүн тапшырылып келген. Бул сыйлыкты президенттин колунан мыкты журналисттер Эсенбай Нурушев, Байма Сутенова, Султан Раев, Мелис Эшимканов, Бейшенбек Бекешов, Кабай Карабековдор алышкан. Бирок, бул сыйлык 2003-жылдан бери берилбей калган. Андыктан , бул сыйлыкты берүүнү президент кайрадан колго алып, кесипкөй журналисттерге бере баштаса, аларга кандайдыр бир стимул болуп, жоопкерчилигин сезе баштамак» -дейт демилгечилердин бири, журналист Элнура Кулуева.

Белгилей кетсек, бүгүн 22-июнда белгилүү публицист, жазуучу жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кален Сыдыкованын «Календин калеми» деген сыйлык журналист тармагына эмгек сиңирген журналисттер тарабынан уюштурулуп  «Алтын калем-2018»  сыйлыгы тапшырылды.

Количество просмотров: 27