• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Эл аралык уюм кыргыз бийлигин Алкановага козголгон ишти токтотууга чакырды

14 Бирдин айы 2018 21:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.02.2018. Govori.TV.

Баш кеңесеси Нью-Йоркто жайгашкан “Журналисттерди коргоо комитети” кыргыз бийлигин журналист Алкановага козголгон кылмыш ишин токтотууга үндөдү. Азаттык билдирет.

Уюмдун Борбор Азия боюнча программасынын координатору Нина Огнянова журналистке мындай айып “саясий жүйөсү бар жана журналисттик иликтөөдөн улам” коюлду деген пикирин билдирди. Ал ошондой эле кыргыз бийлигин «кылмыш ишин токтотуп, журналистке өз ишин коркпой аткарууга шарт түзүп берүүгө” үндөдү.

13-февралда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча кызмат Элнура Алканованы «Коммерциялык же банктык жашыруун сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алуу» жана «Коммерциялык же банктык жашыруун сырды таратуу» боюнча күнөөлүү деп таап, айыбын угузган.

Ага чейин журналистке өлкөдөн чыгууга бөгөт коюлган. Анын алдында журналист Алканова күбө катары суракка чакырылган. Журналист өз иликтөөсүндө коомчулук үчүн ачык маалыматтарды колдонгонун айткан.

Былтыр Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Ала-Арча» резиденциясына жакын жердеги 48 коттеж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Бул экс- президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү экени, кийин улутташтырылганы айтылган. Бул боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мүлктү сатууда мыйзамсыз иштер болгонун, ага өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашканын жазган.

Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү журналист жазган маалыматты «чындыкка төп келбейт» деп, жокко чыгарууга чакырган.

Эгер сот журналистти айыптуу деп тапса, ал беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Количество просмотров: 30