Бишкек. 10.01.18 Govori.TV
Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясныны депутаты Кожобек Рыспаев Кыргызстанда коньяк ичимдиктери кыргыз элинин эпосторундагы баатырлардын атынан коюлуп жаткандыгын айтып, нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн парламенттин пленардык жыйынында депутаттар «Жарнама» тууралуу мыйзам долбоорун карап жатканда билдирди.
«Кыргызстанда «Манас», «Семетей», «Сейтек» аталышындагы кыргыздын баатырдык эпосунун триллогиясын спирт ичимдигин ыйгарып сатып жатышат. Алкоголь ичимдигине жарнамага бөгөт коюуудан мурда ушуга көңүл бурсаңар боло. Мындай коньяктарды чыгарууга тыюуу салыш керек», — деген пикирин айтты депутат.[1]
Депутаттын айтымында спирт ичимдиктрин чыгарган компаниянын мындай иш аракети бул кыргыздардын улуттук баалулуктарына шек келтирүү болуп саналат.
Өз учрунда депутаттын суроосуна жооп берип жаткан атка минерлер мындай аталыштагы коньяктар Кыргызстанда 10 жылдан ашуун чыгарылып келгендигин айтып, андан эч кандай катачлыкты байган жокпуз деп билдиришти.
[1] Арар