• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Электр станциялар» ААК байкоочу камералар боюнча түшүндүрмө берди

13 Жалган куран 2018 17:44 Бишкек Govori.TV
Бишкек.13.03.2018 Govori.TV
Бишкек жылуулук борборуна коюлган байкоочу камералардын баасы тууралуу жаңылыш маалымат тарап жатат. Бул тууралуу «Электр станциялар» ААКнын басма-сөз кызматы маалымдады.
«Бир даана видеокамеранын баасы 14 500 доллар деген туура эмес. Чыгымдардын тизмесинин 6.2 пунктунда «видео байкоо» 1 млн 738 миң 503 доллар жазылган.  1 млн 94 миң, 951 доллар «Видеобайоого» пайдаланылчу жалпы  жабдыктын баасы. ТВЕА 12.12.17 датада көргөзгөн баага ылайык  128 видеокамера 38 400 долларга келген. Ошондо ар бир камера 300 доллардан айланат»-деп жазылат «Электр станциялар» ААКсы тараткан маалыматта.  
Негизи алып келип берген компания бааларды мынтип чечмелеп бербеш керек эле. Бирок буйрутма берген тараптын талабы менен ар бир тыйын тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле буйрутма алган тарап жабдыктарды орнотуп, анын тынымсыз иштөөсүн талап кылат.

 

Количество просмотров: 19