• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Электр Станциялары» 2018-жылдын кышына даяр эмес

11 Бугу 2018 14:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 11.05. 2018. Govori.TV
“Электр станциялары” ААКсы 2018-жылдын кышкы жылытуу мезгилине даяр эмес. Бул тууралуу 6-апрелдеги“Электр станциялары” ААКсынын ахыбалы тууралуу даярдалган справкадан  белгилүү болду.

Govori.TVга келип  түшкөн ал каттын мазмунуна токтолсок, учурда “Электр Станциялары” ишканасынын башкы директору У. Кыдырбаев, анын биринчи орун басары Б.К. Боркоев. Бишкек ТЭЦинин модернизациясы боюнча топтун башчысы Т. Бримкулов,  техникалык башкармалыктын директору А. Жусупбековдор УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта жаткандыгынан улам, ишканада кадрдык башкаруу баш аламан болуп калган.

“Баардык документтерге кол коюу укугу бар директор орун басары менен камакта болгондуктан, азыр “Электр станцияларында” иш токтоп турат. Эч ким жоопкерчиликти мойнуна алып, ишти жылдырууну каалаган жок. Бул быйылкы кышкы жылытуу мезгилине даярдык жок дегенди шарттайт”,-деп айтылат аталган катта.
эске сала кетсек, бүгүн Өкмөт дал ушул кышкы жылытууга даярдык боюнча жыйын өткөрөт. Биздин кабарчылар бул жыйындан жогорудагы маалыматты толукташмакчы.
Количество просмотров: 17