«Аксуу районунун уюшулганынын 45 жылдыгына карата өмүр өрнөк инсандар деп райондун белгилүү инсандарынын өмүр баяны, сүрөттөрү, иш тажрыйбалары боюнча маалыматтар топтолуп жатат. Учурда 120 инсан боюнча материалдар чогултулду. Бул жерде Аксуу районунан чыккан белгилүү адамдар, академиктер, илимдин докторлору, советтер союзунун баатырлары, коомдук ишмерлер, убагында белгилүү саанчылар, дыйкандар, спортсмендер,СССРдин, Жогорку Кеңештин депутаттары жана башкалар бар. Бул материалдар үч жылда чогултулуп быйыл залга илинди. Көп аракетти талап кылган Кыргызстандагы жалгыз уникалдуу архив. Уулу муундун иштери, өтөгөн эмгектеринен үлгүлү алыш үчүн кийинки жаш муундарга татыктуу өткөрүп бериш үчүн чогултулган. Архивдин өнүгүүсүндөгү 90 жылдык юбилейинде республика боюнча биринчи орунду алган» -дейт архивдин башчысы Жаныбекова.