• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Элеттен кеп: Мэрия алган 9 миң сомдук көчөттөр Аксууда 150-600 сом турат (видео)

25 Кулжа 2018 10:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 25. 06. 2018. Govori.TV
«Бизде жашылдандырууга кеткен 54 көчөттүн түрү өстүрүлөт. Күнөсканадан жылына мамлекетке 3 млн.сом төгүп турабыз. Көчөттөрүбүздү көбүнчөсүн жеке фирмалар алып кетишет. Мындан сырткары айыл өкмөттөргө  да берилет. Бизде күмүш карагай 2000 сом, колоновидный туя 3000 сом кедрлар -600-1000, липалар 150-200 сом турат. Көчөттөр биздин климатка ылайыкташтырылган баардык облустка өстүрсө болот » -дейт Намазбеков.

Белгилей кетсек күнөскана Ыбыкеев Бакыттын жетекчилигин астында уюшулуп анда башка жерде өспөгөн көк карагай, дугласия пихтасы, сибирь кедры, колонна сымал, пальмалар өстүрүлөт.
Эске сала кетсек, быйыл борборду жашылдандыруу максатында Бишкек шаарынын «Жашылдандыруу» ишканасы бир даанасы 9 миң сомдук көчөттөрдү сатып алган. Ал эми коомчулук 9 миң сомго бир даана көчөт сатып алуу кымбат экенин айтып, нааразычылыктарын билдирип чыгышкан.

 

Количество просмотров: 32