• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Эркин Булекбаев, саясатчы: “Биз тумчугуп жатабыз!” акциясын баары бир улантабыз

2 Чын куран 2018 8:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 02.04. 2018. Govori.TV
“Ленин райондук соту “Жашылдар” партиясынын  бак-дарактарды кыйууга каршы 3-апрелде болуучу митингине тыйуу салды”. Бул тууралуу Кыргызстандын “Жашылдар” партиясынын төрагасы, саясатчы Эркин Булекбаев маалымдады.
Анын айтымында, акыркы жылдары Бишкек шаарынын жашыл аянттарынын саны кескин кыскарып, бак-дарактарды отургузуунун ордуна кыркуу үстөмдүк кылууда. “Совет доорунда Фрунзе шаарынын жашыл шаар деген даңазалуу статусу бар эле. Борборубуз бак-дарактарга оролуп турчу. Ал кезде жашоочулардын ар бирине 30 чарчы метр жашыл аянт туура келсе, учурда 5 чарчы метрден да аз жашыл аянт туура келет. Биз, жарандар өзүбүздүн саламаттыгыбыз үчүн өзүбүз күрөшүп, Бишкектеги биздин улуу муун эмгектенип өстүрөгөн дарактарды сактап калууга аракет кылышыбыз керек. Андыктан, “Жашылдар” партиясы “Биз тумчугуп жатабыз!” акциясын соттун чечимине карабай уюштурабыз, акция митинг, жөө жүрүш сыяктуу жолдор менен улантылат”,-дейт ал.
Эске сала кетсек, акыркы мезгилдерде Бишкекти түтүн каптап, чаң басканы атайын ченемдерден дээрлик 4-5 эсеге көбөйүп, шаардын экологиясында кооптуу учур байкалганын адистер белгилеп келишет. буга жашыл аянттардын азайышы менен бирге сапатсыз күйүүчү май, унаалардын көптүгү себеп делинип келет.
Количество просмотров: 29