• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Лебединовка — ГЭС-5 унаа жолу кеңейтилет. Учурда дарактарды кыюу иштери жүрүүдө

11 Жалган куран 202513:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынан Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка-ГЭС-5 унаа жолу реконструкцияланып, 4 тилкелүү болот.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, кеңейтүү иштеринин алкагында азыркы тапта жол жээгиндеги бак-дарактарды кыюу жумуштары кызуу жүрүүдө. Аны менен катар жер иштерине даярдык көрүлүп, курулушка тоскоол болгон айрым объектилер алынып жатат.

Белгилей кетсек, Лебединовка-ГЭС-5 унаа жолунун жалпы узундугу 5,1 чакырымды түзөт. Реконструкция иштеринин алкагында жолдун категориясы өзгөрүп, 2 тилкеден 4 тилкелүү болуп кеңейет. Ошондой эле, долбоордо учурдагы чоң көпүрөнү кеңейтүү менен жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө куруу каралган.

Мындан тышкары, негизги жолго катар Биримдик-Кут конушуна кирүүчү дагы эки тилкелүү кошумча жолду куруу пландалууда. Ал эми кыйылган дарактардын ордуна 20% га кɵп бак-дарактар отургузулат.

Жолдун негизи курулушу быйыл аякташы мерчемделүүдө

Количество просмотров: 162