• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Эртең Сапар Исаков камакка алынышы мүмкүн…

13 Бугу 2018 17:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.05.2018. Govori.TV

Экс-премьер министр Сапар Исаков эртең экинчи жолу УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу өздүк булактардан белгилүү болду.

Алардын айтымында, Сапар Исаков буга чейин да башкы коопсуздук органында суракта болуп, 2,5 сааттай кармалган соң, «Президенттик аппараттагы айрым иштер боюнча маселелер бар экен, ал жакта корко турган иштер жок» деп чыккан болчу.

Ал эми өткөн жумада ЖКнын ТЭЦтеги модернизацияга кеткен 386 млн. доллардын изин иликтеген депутаттык комиссиясы жоопкерчилик тартуу үчүн укук коргоо коргоо органдарына сунуштаган чиновниктердин башына Сапар Исаковду киргизген. Анда Сапар Исаковдун Президенттин сырткы саясат бөлүмүн жетектеп тургандагы ТБЕА компаниясы тууралуу Президентке жиберген кызматтык каттары ТЭЦтин модернизациясы боюнча ТБЕАнын жалгыз конкурссуз ишти аткарууга ээ болушуна олуттуу таасир тийгизгени айтылган.

«Мындан улам эртең УКМКнын сурагынан кийин Сапар Исаков убактылуу камакка алынышы ыктымал» дешет өздүк булактар.

Количество просмотров: 14