• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Эсенгул Момункулов: “Бизнестеримди өткөрүп бергем, агенттикте, мыйзам алдында такмын”

26 Жалган куран 2018 11:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26. 03.2018. Govori.TV
“Мамлекеттик жогорку кызматка мен бизнестен келгеним чын. Бирок, кызматка келгенге чейин эле бизнестерди башкаларга өткөрүп бергем, мыйзам алдында такмын”. Бул сөздү Govori.TVга КРнын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Эсенгул Момункулов билдирди.
Анын айтымында, айрым ММКлар тарабынан жазылып жаткан анын жеке менчик компанияга ушул убакытка чейин ээлик кылгандыгы тууралуу маалыматтар такталган эмес. “Эмнеге ушул убакытка чейин Адилет министрлигинин рээстринде менин аты-жөнүм өчпөй турганын ошол министрликтен сурасаңар болот. Мен кайрылсам, айрым учурларда андагы катталган маалыматтарды системанын ичинде жаңылап чыгууга көп убакыт керектигин айтышты. Ооба, мен бизнесте жүргөмүн, жеке фирмаларым бар болчу. Анын бири, силер белгилеген “ТиМа-Нуру” ЖЧКсы. Бирок, өкмөттүк жумушка тартыла турган болгондо дароо баарын ишенимдүү башкарууга өткөрүп бергем. Азыркы кызматым эч кандай жеке кызыкчылыктарга жол берүүчү, тендер жарыялоочу же лицензия берүүчү органда эмес. Андыктан, кызматты кыянат пайдаланууга негиз дагы жок”,-дейт ал.
Эске сала кетсек, айрым ММКлар Эсенгул Момункуловдун гидроэлектр тармагына тиешеси бар жеке фирмага ээлик кылаарын жазып чыгышкан.
Количество просмотров: 21