• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары Бишкекке келбей калды. Жыйын онлайн өтөт

20 Бугу 2022 11:09 Бишкек Govori.TV

Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЕЭК) 27-майда Бишкекте пландалган жыйыны видеоконференция форматында өтмөй болду. Бул тууралуу 20-майда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев билдирди.

Президенттердин жолугушуусу эмне себептен онлайн форматта өтөт деп чечилгенине толук түшүндүрмө берилген жок.

Белгилей кетсек, 26-27-майда Бишкекте Евразия экономикалык форуму өткөрүү пландалган. Анын алкагында ЕАЭБдин мамлекет башчыларынын катышуусунда пленардык жыйын, ошондой эле алты панелдик сессия жана ЕАЭБдин агроөнөр жай товарларынын көргөзмөсү пландаштырылган. Саммиттин күн тартибинде 14 маселе карала турганы айтылган.

Количество просмотров: 59