Кыргыз тилин жеңил үйрөтүүчү «Кыргызча оңой»/»Easy Kyrgyz» мобилдик колдонмосу иштелип чыкты. Бул Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, жаңы тиркеме кыргыз тилин жеңил үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Мобилдик тиркеменин бет ачарына арналган иш-чарага президенттин администрациясынын, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын жана диаспора өкүлдөрүнүн мүчөлөрү, ошондой эле студенттер катышты.
Анда Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев сөз сүйлөп, заман талабына жараша, үйрөнүүгө жеңил болгон программа тууралуу маалымат берди.