• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

ЕБ августтун аягына чейин орусиялыктарга шенген визасын берүүнү токтотууну талкуулайт

11 Баш оона 202216:02 Бишкек Govori.TV

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба 10-августта Европа Биримдигине жана “Чоң Жетиге” мүчө бардык өлкөлөрдү Орусия жарандарына виза берүүнү токтотууга чакырды.

Бир нече күн мурда мындай сунушту Украина президенти Владимир Зеленский айткан. Ал Washington Post гезитине берген интервьюсунда Орусия Украинадагы агрессиясын токтотконго чейин Орусия жарандарына Европага виза берүүнү токтотууну, Европада жашаган орусиялыктардын визасын жана туруктуу жашоо укугун жокко чыгарууну жана мекенине кайтууга мажбурлоону талап кылган.

Орусия президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусияны жана орусиялыктарды изоляциялоо аракетин келечексиз деп атап, “акылмандык үстөмдүк кыларынан” үмүт арткан.

9-августта Финляндиянын премьер-министри Санна Марин орусиялыктарга фин визасын берүүнү чектөө керектигин билдирген.

“Орусия Европада агрессивдүү, ырайымсыз согуш жүргүзүп жатканда орустардын эч нерсе болбогондой Европада турист болуп саякаттап жүрүшү туура эмес”,- деп айткан.

Анын артынан Эстониянын өкмөт башчысы Кая Каллас дагы “орусиялыктарга туристтик виза берүүнү токтотууга” чакырган.

5-августта Ла

Количество просмотров: 102