• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

«Эч кандай соодалашуу болгон жок». Президент Октябрь окуясы боюнча акталгандар тууралуу

2 Теке 202213:01 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине кезектеги маек куруп, коомчулукта талкууланып жаткан айрым суроолорго жооп берип, Октябрь окуялары боюнча акталган саясатчылар боюнча пикирин билдирген.

«Эч кандай соодалашуу болгон жок жана мен бирөөнү дагы кабыл алган жокмун. Жөн гана соттордун эркин чечими болду. Мен дайыма “Соттордун ишине кийлигишпегиле” деп айтып келе жатам. Мартта өткөн соттордун курултайында да сотторго айткам “Кандай иш карасаңар да мыйзам чегинде адилеттүү чечим чыгаргыла. Күнөөлүү болсо күнөөлүү деп тапкыла, күнөөсүз болсо актагыла. Ошондо силерге элдин ишеними пайда болот” деп. Мындан ары мурдакыдай ак үйдөн басым-кысым болду демей жок. Мыйзамдын диктатурасы иштейт»,-деген Жапаров.

Количество просмотров: 225