• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Эч кимге аёо болбойт! Боронов өкмөт өкүлдөрүнө эскертүү берди

16 Чын куран 2020 15:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Республикалык ыкчам штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматты камсыздоо бөлүмү билдирет.

Анда СOVID-19 вирусун жуктурган оорулуулар менен контактта болгон жактар боюнча күчөтүлгөн көзөмөл жүрүп жатканы айтылды.

Үй карантининде 7 537 адам кармалууда, анын ичинде тыгыз контактта болгондор (I категория) – 1 556 адам, башка контактыдагылар (II категория) – 5 981 адам эсептелет.

«Жер-жерлерде контактта болгон жактардын үй карантини шарттарын кармануусун көзөмөлгө алуу боюнча күчөтүлгөн иш жүргүзүү зарыл. Эч кандай кемчиликтерге жол берилбеши керек. Укук коргоо органдары эч кандай кыймыл, коңшулар жана туугандар менен тышкы карым-катнаштар болбошун такай көзөмөлгө алуусу керек. Аларга карантинди бузган жана башка жарандарга ооруну жугузган учурда каралган жоопкерчилик тууралуу эскертүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Бул инфекциянын жайылышынын алдын алууда артыкчылыктуу иш болуп саналат», — деди Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдиргендей, бүгүнкү күндө өлкөдө 466 адам коронавирустук инфекцияга чалдыккан учур катталган. 91 адам ооруканадан чыгарылган, 370 жаран медициналык мекемелерде дарыланууда.

«16-апрелге карата 104 медициналык кызматкер коронавируска чалдыккан. Анын ичинде: 29 врач, 44 орто медициналык персонал, 17 кичи медперсонал, 14ү – башкалар. Алардын бардыгы дарыланууда, алар менен байланышта болгондор аныкталган. Бир сутка ичинде мурда COVID-19 диагнозу аныкталган 13 пациент стационардан чыгарылган», — деди министр.

Жыйындын жүрүшүндө Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тапшырмаларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат беришти.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө, тармактык мамлекеттик органдарга өзгөчө абал режимин киргизүүгө байланыштуу уюштуруу маселелерин, анын ичинде посттордо кызматкерлерди коргонуу кийимдери, ысык тамак менен камсыздоону жөнгө салуу тапшырылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкектеги обсервациялык пункттарды даярдоону тездетүү милдеттендирилди.

Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, райондордун акимдерине жер-жерлерде дыйкандарды айыл чарба техникаларын оңдоо үчүн зарыл тетиктерди сатып алуусуна бардык шарттарды түзүүсү тапшырылды, мастерскойлор, запастык бөлүктөрдү сатуу пункттары жана тармактык адистердин иштөөсү керек.

«Эч кимге аёо болбойт! Коюлган бардык талаптар токтоосуз аткарылышы керек. Баарыбыздан суроо-талап өтө чоң, бул өмүр менен өлүм маселеси. Биздин ката кетирүүгө укугубуз жок», — деп жыйынды жыйынтыктады Кубатбек Боронов.

Количество просмотров: 3243