• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өкмөт башчы: Партиялар өз жоопкерчилигин түшүнүп, санитардык талаптарды сактоосу керек

21 Аяк оона 2020 16:43 Бишкек Govori.TV

Саясий партиялар өз жоопкерчилигин түшүнүп, үгүт кампаниясы мезгилинде беткап тагынуу режиминин жана башка санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылышы керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

«Акыркы учурда дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны көбөйүп жатканы боюнча айтылууда.  Беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо жана көптөгөн адамдардын катышуусундагы иш-чараларды өткөрбөө сындуу санитардык эрежелерди эске албоону жоопкерчиликсиздик катары караса болот», – деди Өкмөт башчы.

Кубатбек Боронов жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана тармактык мамлекеттик органдарга саясий партиялардын штабдары менен биргеликте белгиленген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо зарылдыгы тууралуу кошумча иштерди жүргүзүүнү, ошондой эле 50 ашуун адамдын катышуусунда иш-чараларды уюштурууга чектөөлөрдүн аткарылышын көзөмөлдөөнү күчтөндүрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, кеңешменин жүрүшүндө жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү COVID-19 байланыштуу түзүлүп жаткан эпидемиологиялык кырдаал жана Кыргыз Республикасындагы эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу үчүн кабыл алынып жаткан чаралар талкууланды.

Количество просмотров: 58