• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Боронов форс-мажордук абалга даяр болуп, дарыларды камдоо керектигин айтты

19 Аяк оона 202016:55 Бишкек Govori.TV

Керектүү дары-дармектердин запасын өз убагында толуктап туруу маанилүү. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

«Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ушул тапта республикада зарыл медикаменттердин үч айга жетиштүү көлөмү бар. Бул жакшы. Бирок айрым учурда форс-мажордук кырдаалдар дагы болуп калат. Мисалы, COVID-19дун биринчи толкуну болгондо айрым дары каражаттары дарыканаларда жетишсиз болду. Экинчи толкун болот деп айтылып жатканына байланыштуу дары-дармектерге муктаждык жаралбаш үчүн ар кандай жагдайга даяр турушубуз керек», — деди Кубатбек Боронов.

Количество просмотров: 111