• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Эч нерсе билбей отурасыз». Депутат башкы прокурордун орун басарын зекиди

24 Бирдин айы 2021 13:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Үмбөталы Кыдыралиев чет жерлерде камалган кыргыз жарандарын мамлекетке которуу маселеси боюнча кайсы мамлекеттик орган иш алып барары тууралуу сурады.

Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев экстрадициялоо маселеси менен Башкы прокуратура иш алып бара турганын билдирди.

Депутат Үмбеталы Кыдыралиев анын жообуна ынанган жок.

«Сиз туура эмес айтып жатасыз. Москвада 1998-жылы түзүлгөн конвенция бар, КМШдагы өлкөлөрдүн ортосунда соттолгон жарандарды экстрадициялоо боюнча. Сиз дипломатиялык конвенцияларды айтып жатасыз. Сиз билбейсизби аны?», — деп сурады депутат.

Ишеналиев ал тууралуу маалыматы жок экенин айтты.

«Урматтуу прокуратуранын өкүлү, келесиз, эч нерсе билбей отурасыз, дипломатиялык конвенцияларды айтып, адаштырып. 2,5 миң мигранттын тагдыры жөнүндө сүйлөшүп жатабыз, ал эми сиз билбейсиз.Даярданып келбейсизби, алардын туугандары, балдары күтүп отурат», — деди депутат.

Количество просмотров: 217