Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Умбеталы Кыдыралиев кызматтан кетти. Ал УОКтун Аткаруу комитетинин жыйынында кызматтан кетерин билдиргенин маалымат каражаттары жазды.
Маалымат боюнча, УОКтун жаңы президентин шайлоо 29-апрелге белгиленген Башкы Ассамблея учурунда өтөт.
Талапкерлердин аттары азырынча жарыялана элек.