Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Умбеталы Кыдыралиев акыркы окуялар боюнча комментарий берди.
«Кечээ түнү уктай албай чыктым. Президент Садыр Жапаров дагы кечээ жанагы чечимден кийин жакшы уктабады… Камчыбек Кыдыршаевич дагы ооруп жатат, кыйналды да. Экөөнөн улуумун, жоопкерчиликти алып, айткым келип жатат. Экөө биригип эч качан чечилбеген чек араны чечти. Экономиканы канча өстүрдү. Мамлекет жакшы нукта бара жатат. Жумушта андай-мындай түшүнбөстүктөр болот. Ошондуктан эки досумду чакырат элем: баары жакшы болот. Алдыга койгон максаттарга жетебиз. Экөө тең кыргыз элинин патриоту, экөө тең журт дегенде ичкен ашын жерге коёт. Ошол үчүн парламент – биз дагы ушул күндөрү бөлүнбөй, ынтымакта туруп койсок, Кыргызстан кубаттуу мамлекет болот деп ишенем», — деди ал.