• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эдил Байсалов БУУнун атайын баяндамачысы менен жолугушту

23 Аяк оона 202421:33 Бишкек Govori.TV

КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУнун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары боюнча атайын баяндамачысы Хеба Хаграс менен жолугушту.

Жолугушууга ошондой эле эл аралык өнөктөштөр, анын ичинде БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азиядагы аймактык башкармалыгынын жетекчиси, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда майыптуулугу бар адамдардын укуктарын жана Кыргыз Республикасында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган “Жеткиликтүү өлкө” мамлекеттик программасын ишке ашыруунун негизги маселелерин талкуулашты.

БУУнун майыптардын укуктары боюнча атайын баяндамачысы Хеба Хаграсс 2024-жылдын 3-октябрына чейин Кыргыз Республикасында расмий иш сапары менен болот.

Количество просмотров: 88