Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов фейзбуктагы баракчасына, Кыргызстандын олимпиадалык командасына тигилген спорт кийимдери кайсыл дизайнерлер тиккени тууралуу жазды.

«Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы үчүн кийим формасын ата мекендик дизайнерлердин жана усталардын командасы: Сонун Нурманбетова, Алтынай Рыскулова, Салтанат Мамытова, Владимир Арановский жана Нурсултан Муратов иштеп чыгышкан.

Форма Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегинин түсүн чагылдырат жана аба ырайынын шарттарын эске алуу менен спортчулар үчүн ыңгайлуулукту жана функционалдуулукту камсыздайт.
Форма, анын ичинде бут кийим, толугу менен ата мекендик өндүрүштөгү жогорку сапаттагы материалдардан жасалган.

Формалардын бир комплектинин (трикотаж пиджак, юбка/шым, куртка жана бут кийим) баасы 36 миң сомду түздү.
Салтанаттуу жана спорттук формалардын фотосессиясына Париждеги Олимпиада оюндарынын катышуучулары, сууда сүзүү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери Елизавета Печерских жана 2024-жылдагы дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, 2022-жылкы жайкы Азия оюндарынын чемпиону Эрлан Шеров катышты.
