• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Эдил Байсалов Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев менен жолугушту

9 Бирдин айы 2022 9:29 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов муфтий Замир кары Ракиев менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, эки тараптуу баарлашуунун жүрүшүндө Эдил Байсалов мамлекет жетекчилиги муфтият менен мамилеге өзгөчө маани берерин жана өлкөдөгү салттуу ислам дининин туура нукта өсүүсүнө Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын орду чоң экендигин билдирди.

«Азирети муфтий муфтияттын ишмердүүлүгү жана өлкөдөгү диний абал боюнча министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басарына маалымат берди. Муну менен катар Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жаткандыгын айтып, терс диний агымдардын алдын алууда бардык аракеттер көрүлүп жаткандыгын маалымдады»,-деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жүрүшүндө диний чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери жана диний окуу жайлардын абалы талкууланды.

Количество просмотров: 142