• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эдиль Байсалов өлкөдөгү акыркы өзгөрүүлөргө абдан кубанат

29 Баш оона 202416:07 Бишкек Govori.TV

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Дүйнөлүк банктын Кыргызстанда жасаган мониторинги тууралуу өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

Анда “Тамак-аш жетип жетпеши коопсуздугу (продовольственная безопасность) боюнча: 2021-жыл, декабрь 40% өзүн коопсуз сезсе, азыр 80%. Үй-бүлөлүк финансалык коопсуздук: 2021-жыл, декабрь 33% кооптонбосо, азыр ал көрсөткүч 68%га жетти. Өзүн жакыр деп эки жарым жыл мурда 33% үй-бүлө сезсе, азыр бул көрсөткүч 19%га түштү. “Өлкө туура жолдо баратат” деп мурда шаарда 57%, айылдыктардын 70% гана эсептесе, азыр ал көрсөткүч айылда 88%га жетип, шаардыктарыбыздын 75% «туура деп калышыптыр”- деди Эдиль Байсалов.

Ошондой эле ал өкмөткө болгон элдин ишеними тууралуу төмөнкүлөрдү айтты: “Өкмөт эл менен туура диалог алып барууда деп 46% гана эсептесе, азыр ал көрсөткүч 64% жетти. Бул дагы өтө жогорку жыйынтык, бирок албетте мындан да жакшы иштешибиз керектигин маалымдайт”.

Ал сөзүнүн аягында өлкөдөгү стабилдүүлүк тууралуу кеп козгоду. “Көйгөй өтө көп, жакырчылык азыркы учурда негизинен шаарда батирлеп, туруктуу кирешеси жоктордун арасында. Албетте, кичине инфляция басаңдаса дагы, кымбатчылыкты проблема номер экинчи проблема деп атагандар көп, номер бир көйгөй жумушсуздук. Бирок мекенибизде стабилдүүлүк орногонун ушундан байкаңыздар: мурда 23% үй-бүлө “акыркы айда бир орчунду негативдүү өзгөрүүгө дуушар болдум” дешсе, азыркы күнү бул көрсөткүч 5% тегерегинде экен”.

Количество просмотров: 87